Чыңгыз Мамаевдин жубайы: «Жүрөгүм менен баарын кечирдим» 

Өткөн жылдын апрель айында актёр, КРнын эмгек сиңирген артисти Чыңгыз Мамаев сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерге шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу. Арадан 9 ай өтүп, актёр үй камагына чыгарылды. Ал бүгүн үй-бүлөсүнүн кашында отурган учуру.

«Тигилер ушундай жалаа жабышты. Маекти беришти. Элдин баары биринчи айткан адамды угат да. Кызым, балдарым аябай катуу кабыл алышты. Мен аларга бул жалаа экенин, «атаңар ак, эч нерсе кылган жок, жакшы адам» деп айтып келдим. Мен жүрөгүм менен баарын кечирдим. «Кудайга кой» дешти. Мен алар менен арыздашып, мен алар менен чуркай албайм, анткени энергиям түгөндү. Башында айламды таппай калдым. Ошол учурда мен алардын үстүнөн арыз жазсам болот болчу, көрөлү деп күтүп жаттык. Айдан ай өткөн сайын жолдошум ооруганда мен дарыны күнү-түнү ташып жаттым. Мен бир гана «Чыңгыз аман-эсен келсин, мен тигилердин артынан сая түшпөйм» дедим», — деди ал.