Чыныбай Турсунбековдун жубайы: «Сенсиз жашап кетиш биз үчүн оңой болгон жок. Бирок ырларың бизге күч-кубат берип турду»

«Чыныбай, сенин бизди таштап кеткениңе бир жыл болуптур. Бул жыл кантип өткөнүн деле билбей калдым. Сенсиз жашап кетиш биз үчүн оңой болгон жок. Бирок сен жаныбызда болбосоң да, ырларың бизге күч-кубат берип турду». Бул тууралуу экс-спикер Чыныбай Турсунбековдун жубайы Нуржан Давлетбекова Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

«Акыркы жазган ырың. 4-июнь 2020-жыл… “Сессиянын соңку күнүндө, 30-июнда, борбордук трибунага чыгып, катуу сүйлөйүн деп жатам. Ыр да окуйм. Ыр элдин драмасы жана трагедиясы жөнүндө. Айылда калган кыргыз менен алыста жүргөн мигранттын диалогу болот. Текстин жазып койдум” деп жакын санаалашыңа айтыпсың. Жетишпей калдың. Ошол ырыңы бүгүн чыгарып жатабыз», — деп жубайы жазып, ырдын видеосун жүктөдү.

Өткөн жылдын дал ушул күнү, тактап айтканда, 6-июлда Улуттук госпиталдын реанимация бөлүмүндө эки тараптуу пневмониядан экс-спикер жана депутат Чыныбай Турсунбеков көз жумган.