Чыныбай Турсунбековдун кызы чындык издеп Башкы прокуратурага кайрылат

Жогорку Кеңештин төрагасы, бир канча чакырылышынын депутаты болгон Чыныбай Турсунбековдун кызы Айдай Турсунбекова Башкы прокуратурага кайрылганы жатат. Ал бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасында билдирүү жарыялады.

“Пандемия учурунда жакындарын жоготкон жарандардын коомдук бирикмеси COVID-19 илдетине каршы даярдык көрүүгө жооптуу кызмат адамдарына карата чара көрүү талабы менен прокуратурага арыз даярдап жатат. Биз пандемияга карата даярдык көрүүгө жооптуу болгон чиновниктер жоопко тартылыш керек деп эсептейбиз. Өз убагында дары-дармектер, медициналык жабдуулар, дарыгерлерди өз убагында коргонуу каражаттары менен камсыз кылышкан эмес, лабораториялар даярдалган эмес. Биз эмдигиче илдетке каршы күрөшүүгө бөлүнгөн акча кайда кеткени, гуманитардык жардам качан жана кайда бөлүнгөнү боюнча отчёт ала элекпиз. Ошондой эле эмне үчүн дарылардын баасына көзөмөл болбогону суроо туудурат!” деп жазган Айдай Турсунбекова.

Чыныбай Турсунбеков 6-июль күнү пневмониядан каза тапкан.