12-февралда Кара-Суу районунун Манас айыл аймагындагы Каратай айылында жайгашкан орто мектебинде 9-классынын окуучусун 2007-жылы туулган бала ур-токмокко алып, алган жаракатынан улам окуучу каза болгон эле. Маркумдун ата-энеси SEREPTV телеканалына маек берип, каргашалуу күн тууралуу айтып беришти.
Күндөгүдөй «жылуу кийиндиңби, жолдон абайла балам» деп мектепке узаткан тун уулу менен коштошкон учурду эстеген Адилеттин атасы Бактыбек Маматибраимов буларды айтып берди: «Ошол күнү мен саат 6:30да туруп, баламды ойготком. Экөөбүз от жакканбыз. Адилет дааратыбызга суу даярдап берди. Тамактанып, 8:10до үйдөн чыгып баратканда күндө айткан сөздөрүмдү айтып узаткам. Улуусуна же кичүүсүнө болсун, жолдон абайлагыла деп айтабыз. Көчөдөн көп унаа өткөндүктөн, жолдон коркчумун. Ошентип балам мектепке, мен курулушка жумушума кеткем».
Атасынын айтымында, ага саат 11:30да мектептен «балаң жыгылып, эсип ооп калыптыр, ФАПка алып келдик» деп чалышкан. Ал унаасын от алдырганча 1 мүнөттөн кийин кайра чалып «бат келгиле, бала кыйналып жатат» дешкен.
«Түз эле Баш-Булак айылынан Каратайдагы ФАПка бардым. Кирип барып кармасам эле балам муздак. Жүрөгүн тыңшасам эч нерсе жок. Жандандыруу бөлүмүнө комага түшсө тирилип кетеби деп үмүт кылдым. Ким баласын өлүмгө кыят? Анан үзүлбөгөн үмүт менен Тез жардамга чалдым. Алар силер өз аймагыңарга чалгыла дешти. Анан өзүмдүн унаама салып алып, Ош облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө алып бардым. Дарыгерлер үзүлгөнүнө жарым сааттан өтүптүр дешти. Мен ойлойм, балам мектепте көбүрөөк жатып калган. Анткени мен келип облустук ооруканага барганча 15 мүнөт өттү», — дейт Бактыбек Маматибраимов.