COVID-19: 20 бейтаптын абалы өтө оор экени айтылды

Өлкө ооруканаларында коронавирус инфекциясынан дарыланып жаткан 528 жаран бар. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, алардын жыйырмасынын абалы өтө оор болуп жатат. 138 бейтап оор абалда, 366 бейтап орто оордукта, 4 адам канааттандыраарлык абалда.

Үй шартында 437 бейтап дарыланып жатат.