«Коронавирус жуктургандар аныкталды». Жаңы-Жер мектеби кайра онлайн режимине өттү

Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы мектепте коронавирус жуктургандар аныкталгандыгы үчүн мектеп онлайн режимине өткөрүлдү. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Сокулук райондук билим берүү башкармалыгы аталган айылдагы мектептин 8-класста окуган окуучусунун апасы коронавирус менен ооруп калганын айткан.

«Ошондуктан, 5-апрелден баштап ыкчам штабдын чечими менен билим берүү мекемеси онлайн режиминде окутууга өткөрүлөт. Карантин эки жумага — 17-апрелге чейин созулат», — деп түшүндүрүштү башкармалыктан.