COVID-19. Бишкек мэриясы вирус аныкталгандар менен байланышта болгон балдарды мектепке жибербөөнү суранат

Бишкек мэриясы бала COVID-19 жуктурган адам менен байланышта болсо же балада SARS’тин белгилери бар болсо, мектепке же бала бакчага бербөөнү суранат. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Эгерде балаңыз ооруп калса, дароо дарыгерге кайрылыңыз. Үй-бүлө мүчөлөрү карантинди сактап жатып, мектеп окуучусу же мектепке чейинки бала дагы коронавирустун алып жүрүүчүсү болушу мүмкүн экенин унутпаңыз», — деп билдиришти мэриядан. Муниципалитет шаардыктарды ооруп калган учурда карантин режимин сактоого чакырды. «Жумушка барбаңыз, бет кап тагыныңыз, колуңузду тез-тез жууп туруңуз же антисептик колдонуп, эмдөөдөн өтүңүз», — деп кошумчалашты алар.

15-сентябрда Кыргызстанда салттуу режимде окуу жылы башталып, 20-сентябрда Бишкекте бала бакчалар ачылган.