COVID-19: Бишкекте бейтаптар үчүн 216 бош орун бар

Бүгүн, 22-мартка карата коронавирус инфекциясы жана пневмония менен жабыркаган бейтаптар үчүн Бишкек шаарындагы медициналык жайларда 216 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, Улуттук хирургия борборунда 6, Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында 192, №2 клиникалык төрөт үйүндө 18 бош орун бар.

Республикалык штабдын маалыматы боюнча, бүгүн коронавирус 73 адамдан жаңы аныкталды.