COVID-19. Бишкекте окуу жылы башталгандан бери биринчи жолу мектеп карантинге жабылды

Бишкекте биринчи жолу мектеп карантинге толугу менен жабылды. Маалыматты журналисттерге вице-мэр Виктория Мозгачева ырастады.

Анын айтымында, кеп №67 мектеп-гимназия жөнүндө болуп жатат. «Буга чейин анда 11 жана 9-класстын окуучуларынын арасында оорунун эки учуру катталган. Бүгүн диагноз мугалимдердин биринен тастыкталды. Алгоритм боюнча, эгер инкубациялык мезгилде үч учур катталса, анда билим берүү мекемеси онлайн окутууга өтөт», — деди ал. Виктория Мозгачева кошумчалагандай, мектеп инфекциянын очогун жаратпоо үчүн эртеңден баштап онлайн окууга өтөт.