COVID-19. Бишкектеги мечиттерде жума намазы убактылуу токтотулат

Бишкектеги мечиттерде жума намазы убактылуу токтотулуп турат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Бишкек шаардык мэриясынын жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун талаптарына ылайык жана калаада COVID-19 коронавирус инфекциясы көбөйүп, эпидемиологиялык кырдаал курчуп жаткандыгына байланыштуу  30-апрелден баштап, абал турукташканга чейин Бишкек шаарынын аймагындагы мечиттерде жума намазын окуу убактылуу токтотулары айтылат.

«Ошондой эле 30-апрелден тарта дааватка чыгуучулардын жалпы каттоо иштерине убактылуу чектөө киргизилет. Буга чейин Бишкек шаарындагы мечиттерде ифтарлык өткөрүүгө киргизилген чектөө күчүндө калтырылмакчы. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкарамалыгы жарандарыбызды туура түшүнүү менен кабыл алып, оорунун алдын алууга жардам берүүлөрүн өтүнөт», — деп айтылат маалыматта.

Мындан улам КМДБ жарандардан мечиттерге келүүдө: