COVID-19: 142 адамдан илдет аныкталып, 2 бейтап каза тапты

Бүгүн, 3-апрелге карата республика боюнча коронавирус илдети 142 адамдан катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты.

Ал эми бир сутка ичинде жалпысынан 98 бейтап айыкты. Ошондой эле COVID-19 илдетинен Бишкекте 2 бейтап каза болду.

Республика боюнча жалпы 88 миң 842 адам илдетке чалдыккан. Анын ичинен 85 миң 77 бейтап сакайып, 1502 адам көз жумду.