COVID-19. Эмдөөдөн өткөн жарандардын абалы айтылды

Өлкөдө коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн жарандардын абалдары канааттандырарлык. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Министрликтин маалыматына ылайык, SinoPharm вакцинасын алгандардын айрымдарында гана 1-2-күнү төмөнкүдөй белгилер байкалган: баш оору, дене табынын жогорулашы, ийне сайган жердин ооруусу, алсыроо, баш айлануу (жеңил), чыйрыгуу, кускусу келүү, кан басымы жогорулоо, тамактын ооруусу.

«Эмдөө алгандардын саламаттыгына мониторинг жүргүзүүнүн негизги максаты оор жана күтүлбөгөн жагымсыз реакциялардын көбөйүшүн өз убагында аныктоо жана белгилөө жолу менен бейтаптын коопсуздугун коргоо», — дешет мекемеден.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталган. Анда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев биринчилерден болуп эмдөөдөн өткөн. Учурда өлкөдө 10 миңден ашуун жаран COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү.