COVID-19. Кыргызстанда 13,5 миң адам эмдөөдөн өттү

Акыркы бир сутка ичинде өлкө боюнча жалпы 1 миң 357 адам коронавируска каршы эмдөө алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Акыркы 24 сааттын ичинде 1 миң 357 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бардыгы болуп өлкөдө 13 миң 552 адам эмдөө алды», — деп билдиришти министрликтен.

Сутка ичинде эмдөө алган адамдар:

Буга чейин Кытай Кыргызстанга 150 миң доза «Синофарм» вакцинасын берген. Ал 75 миң адамды эмдөөгө жетет. Бүгүн болсо, Орусиядан 20 миң доза «Спутник V» вакцинасы келди.