COVID-19. Кыргызстанда 9575 киши эмделди

Кыргызстанда акыркы суткада 816 адам коронавируска каршы эмделди. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми бүгүнкүгө чейин өлкөдө жалпы 8575 адамга коронавируска каршы эмдөө жүргүзүлдү.

Алар:

— Бишкек шаарында — 817 адам;

— Ош шаарында — 822 адам;

— Чүй облусунда — 899 адам (соңку суткада – 49 киши);

— Ош облусунда — 3529 адам (соңку суткада – 407 киши);

— Ысык-Көл облусунда — 737 адам (соңку суткада – 74 киши);

— Баткен облусунда — 367 адам (соңку суткада – 24 киши);

— Нарын облусунда — 545 адам (соңку суткада – 5 киши);

— Жалал-Абад облусунда — 1684 адам (соңку суткада – 192 киши);

— Талас облусунда — 177 адам (соңку суткада – 65 киши).