COVID-19. Өлкөдө канча адам эмделди?

Бүгүн, 12-майга карата Кыргызстанда жалпы 4095 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Жалпы вакцина алгандардын саны 45 миң 670ке жетип, алардын ичинен 7562 жаран эки жолу эмделген. Ал эми Бишкек шаарынын аймагында 12 миң 859 адамды эмдөө иштери жүргүзүлдү.

Аймактардагы көрсөткүч:

— Жалал-Абад облусунда 7427 адам;

— Чүй облусунда 6002 адам;

— Ош облусунда 5638 адам;

— Ысык-Көл облусунда 4113 адам;

— Ош шаарында 3735 адам;

— Талас облусунда 2280 адам;

— Баткен облусунда 2004 адам;

— Нарын облусунда 1612 адам эмделди.