COVID-19 менен ооруган бир бейтапты дарылоо үчүн мамлекет канча каражат сарптайт?

Ооруканаларга акы төлөө үчүн, ММК фонду Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте COVID-19 менен ооруган бейтаптарды дарылоо жана байланышта болгон адамдарга байкоо жүргүзүү менен байланышкан учурлар үчүн төлөмдүн суммасын кайра эсептеп чыкты. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары Клара Өскөмбаева билдирди.

Аны айтымында, эсептөөлөр COVID-19 менен ооругандарга медициналык кызмат көрсөткөн алты саламаттык сактоо уюмунун иш жүзүндөгү чыгымдары боюнча маалыматтардын негизинде жүргүзүлгөн.

«Төлөмдүн өлчөмү ПЧР лабораториялык изилдөөлөрүнө кеткен чыгымдарды эсепке албастан эсептелет, жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга кеткен чыгымдар жана медициналык кызматкерлердин эмгек акысы эске алынбайт, анткени алар саламаттык сактоо уюмдарынын негизги бюджетинен каржыланат.
Иштелип чыккан акы төлөө механизми коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптардын абалын эске алат», — деп белгиледи ал.

Коронавирус инфекциясын дарылоого байланыштуу ооруканага жаткыруу үчүн төлөмдүн өлчөмү:

1. Оорусу женил даражадагылар үчүн – 1951 сом;
2. Оорусу орто даражадагылар үчүн – 4670 сом;
3. Оорусу оор даражадагылар үчүн – 18 329 сомов;
4. Оорусу өтө оор даражадагылар үчүн – 37 843 сом;

Мындан тышкары, байланышта болгон адамдарга байкоо жүргүзүү үчүн ооруканаларга төлөм төлөө каралган — 1862 сом.