COVID-19 менен сасык тумоонун козгогучтарынын ортосунда кандай айырма бар? Эпидемиолог эске салат

COVID-19да, ошондой эле сасык тумоодо окшош клиникалык симптомдор бар: дене табынын көтөрүлүшү, алсыздык, тамактын оорушу, кургак жөтөл, баштын оорушу, кээде мурундун агышы же мурундун бүтүшү, булчуңдардын жана муундардын оорушу, апатия. Бул тууралуу №1 Шаардык клиникалык оорукананын эпидемиолог-дарыгери Айжаркын Эгембердиева билдирди.

COVID-19 менен грипптин козгогучтарынын ортосунда кандай айырма бар?

COVID-19дун инкубация мезгили 1ден 14 күнгө чейин узарышы мүмкүн, сасык тумоонуку бир нече сааттан 3 күнгө чейин кыскалыгы менен мүнөздөлөт;

Грипп менен ооруган адамдын жалпы абалы көбүнчө 7-8 күндүн ичинде жакшырып кетиши мүмкүн, ал эми 7-8-күндөрдө коронавирустук инфекция менен ооруган өнөкөт оорулары бар адамдардын белгилүү бир пайызы, эгер туура дарылабаса, кийинки этапка өтүшү мүмкүн — бул дем алуу жетишсиздигинин башталышына алып келет;

 Коронавирус инфекциясы тамак сиңирүүчү органдарга таасир берип ич өткөккө алып келиши мүмкүн, бирок бул сасык тумоодо чоң кишилерде сейрек кездешет;

Мезгилдүүлүк: Сасык тумоо күзгү-кышкы мезгилдүүлүк менен мүнөздөлөт, ал эми мезгилдүүлүк COVID-19 үчүн анча маанилүү эмес;

Сасык тумоого чалдыгуу тобокелчилиги бар бейтаптар — балдар, кош бойлуу аялдар, карылар, негизги оорулары бар адамдар жана иммундук жетишсиздикке чалдыккан адамдар. COVID-19 учурда катуу оорунун коркунуч факторлору карылык жана өнөкөт оорулардын болушу.

COVID-19 өлүм гриппке караганда жогору — өлүмдүн деңгээли 3-4 пайыз. Сезондук тумоодон өлүм көрсөткүчү адатта 0,1 пайызга чейин.