COVID-19: ооруканага түшкөн бейтаптардын саны өсүүдө

Архив

11-мартта өлкө аймагындагы ооруканаларда COVID-19дан дарыланып жаткан 291 бейтап калган. Бүгүн, 25-мартта алардын саны 508 адамга жеткенин Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 508 адамдын ичинен жыйырмасынын абалы өтө оор болууда. Калган 132 бейтап оор, 352 жаран орто оор абалда.

Үй шартында 406 бейтап дарыланууда. 

Марттын ортосунан бери Бишкекте жана Чүйдө эпидемиологиялык кырдаал начарлап баратат.