COVID-19: Сутка ичинде каза болгондор катталган жок

Бир сутка ичинде пневмонияны эсепке алганда коронавирус инфекциясы 34 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штаб билдирди.

Вирустун жаңы табылган учурлары төмөнкү аймактарда катталды:

Бишкек — 19

Чүй облусу — 2

Ош облусу — 2

Нарын облусу — 6

Ысык-Көл облусу — 5

Илдет илээштиргендердин бирөө — медицина кызматкери. Ал эми бир суткада үй карантининен 1 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 4196 учур катталды, алардын ичинен 4118 медкызматкер сакайды.

Акыркы суткада 69 бейтап COVID-19 илдетинен сакайып чыкты:

Бишкек — 21

Ош — 3

Чүй облусу — 19

Ош облусу — 3

Нарын облусу — 5

Ысык-Көл облусу — 10

Жалал-Абад облусу — 2

COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок.

Белгилей кетсек, жалпы жыл башынан бери коронавирус жуктургандардын жалпы саны 85 475ке жетти. Анын 82 253ү сакайып чыкса, 1441 бейтап каза тапкан.