Коронавирус. Тез жардам кызматы күчөтүлгөн режимде иштейт

Тез жардам көрсөтүү борборунун башчысы Искендер Шаяхметов чалуулар азайып жаткандыгын, бирок ооруканага жаткан бейтаптардын саны көбөйгөнүн билдирди. Анын айтымында, бир күн мурун 636 чалуулар келип түшкөн, 158 адам ооруканаларга жөнөтүлгөн. «Бизде 39 бригада бар. Албетте, кырдаал чыңалган, бирок биз аны жеңип жатабыз», — деди Искендер Шаяхметов.

Ошондой эле ал ооруканаларда орундар жетиштүү экендигин жана элдин дүрбөлөңгө түшүүсүнүн кереги жок экендигин билдирди.