COVID-19 вирусу дагы 3 адамдын өмүрүн алып, 134 адам ооруга чалдыкканы аныкталды

15-январга карата өлкөдө дагы 134 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлайт. Вирусту жуктуруп алгандар Бишкек шаарында эң көп катталган, саны 46.

Коронавирус жараткан пандемия башталгандан бери өлкөдө аталган вируска 82 857 адам чалдыккан. Ал эми акыркы сутка ичинде вирус 3 адамдын өмүрүн алды. Өлкөдө COVID-19 катталгандан бери 1384 адам кайтыш болду.