24-апрелге карата коронавирус 325 адамдан жаңы аныкталды, бешөө каза тапты

Бир сутка ичинде COVID-19дун жаңы 325 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Бишкек — 194
Ош шаары — 2
Чүй облусу – 90
Ош облусу — 6
Талас облусу — 1
Нарын облусу — 5
Ысык-Көл облусу – 20
Жалал-Абад облусу – 6
Баткен облусу — 1.

Сутка  ичинде 163 адам айыкты. Бишкек шаарында 4, Ысык-Көлдө 1 адам каза тапты.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 93 603 адамга жетти. Алардын ичинен 87 миң 880 адам айыкты. Жалпы каза тапкандардын саны — 1578.