COVID-19га байланыштуу Ош облусунда бир катар чектөөлөр киргизилиши мүмкүн (сүрөт)

Акыркы айда Ош облусунда жана Ош шаарында коронавирус жуктургандардын саны көбөйүп жатат. Ага байланыштуу аталган дубанда бир катар чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. Маалыматка ылайык, облус райондорундагы базар, мечит, мамлекеттик мекеме, коомдук тамактануучу жайларда жана эл көп жайгашкан жайларда санитардык нормаларды сактоо боюнча иш-чаралар өткөрүлүүдө. Жарандарга аралыкты сактоо, көчөдө жүргөндө беткап, антисептик колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми санитардык эрежени сактабаган жарандарга жеринде протокол толтурулуп, айып салынып жатат.

Ош облусунда эпидемиологиялык кырдаал курчуганына байланыштуу «кызыл зонага» киргизилгени маалым.