COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндүгү жөнүндө сертификат берген сервис ишке кирди

COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндүгү жөнүндө сертификат берген сервис ишке кирди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Электрондук сертификатта адамдын вакцина алганы тууралуу маалымат жана анын аныктыгын ырастаган QR-код бар. Сертификатты Электрондук кызматтар мамлекеттик порталынан алса болот. Анүчүн кол тамга (калкты тейлөө борборлору акысыз берет) жана 2017-жылкы үлгүдөгү eID-паспорт менен каттоодон өтүү керек. Андан кийин порталдын «Саламаттыкты сактоо» бөлүмүнө кирип, «COVID-19га каршы эмделгени тууралуу сертификат алуу» кызматын тандап, «арыз жөнөтүү» баскычын басуу зарыл. Сертификат автоматтык түрдө даярдалат. Аны кагазга басып чыгарып алса да, pdf-документ катары сактап алса да болот.