COVID. Соңку суткада өлкөдө 20 миңге жакын адам эмделди

Кыргызстанда акыркы сутканын ичинде 19 миң 900 адам коронавируска каршы эмделди. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

Алардын ичинен 8570 адам вакцинанын биринчи дозасы менен эмделсе, 11 миң 330 киши экинчи доза менен эмделди. Кыргызстанда жалпысынан биринчи доза менен 537 миң 202 адам, экинчи доза менен 168 миң 119 киши эмдөөдөн өткөн.