Цементтин чекене баасы бир жылдын ичинде 26 пайызга өстү

Улуттук статистика комитети тарабынан республиканын 18 калктуу конуш пункттары боюнча орточо керектөө бааларынын ай сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин натыйжалары үстүбүздөгү жылдын июлунда цементке болгон чекене баалар республика боюнча орточо 50 киллограмм үчүн 357,6 сомду түзгөнүн жана өткөн жылдын июль айына салыштырмалуу дээрлик 26,3 пайызга өскөнүн, ал эми кирпичтин баасы, тийиштүүлүгүнө жараша, салыштырмалуу миң даана үчүн 7 872 сомду түзгөнүн жана 21,3 пайызга өскөнүн көрсөттү.

Муну менен бирге, цементке болгон максималдуу чекене баалар Кара-Балта шаарында (50 кг үчүн 409,9 сом), Нарын шаарында (50 кг үчүн 400 сом) жана Чаек айылында (50 кг үчүн 399,9 сом) түзүлдү, ал эми аларга карата минималдуу баалар Жалал-Абад жана Өзгөн (50 кг үчүн 300 сом), жана Ноокат (50 кг үчүн 320 сом) шаарларында катталды.

Кирпичке карата чекене баалар Токмок (1000 даана үчүн 13 228,8 сом), Талас (1000 даана үчүн 12 000 сом) жана Исфана (1000 даана үчүн 11 000 сом), шаарларында орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору өстү, ал эми ага карата минималдуу баалар Кара-Суу  (1000 даана үчүн 2 978,1 сом), Кербен  (1000 даана үчүн 3 898,7) жана Өзгөн  (1000 даана үчүн  5 899,2 сом) шаарларында байкалды.

Цементке болгон баанын өткөн айга салыштырмалуу Покровка айылында – 43,5 пайызга, Кара-Балта шаарында – 41,3 пайызга жана Ош шаарында -38,7 пайызга, ал эми кирпичке болгон баалар Исфана шаарында – 1,6 пайызга, Кербен шаарында – 44,5 пайызга жана Кара-Балта шаарында – 36,4 пайызга өсүшү байкалды.