«Центерра Голд»: «Өкмөт «Кумтөр» кенин көзөмөлдөөнү 15-16-майда өз колуна алган»

«Centerra Gold Inc.» парламенттин өкмөткө «Кумтөр» кенинде жана «Центерранын» Кыргыз Республикасындагы ишканасы — «Кумтөр Голд Компаниге» тышкы башкаруу киргизүүнү тапшырган токтомуна жооп катары билдирүү таратты. Белгиленгендей, компания парламент бир күндө, 6-майда кабыл алынган мыйзам долбооруна ылайык, иш алып барууну көздөп жаткандыгын түшүнөт.

«Кыргыз өкмөтү ушул жылдын 15 жана 16-майында Кумтөр кенин ишин көзөмөлдөөнү өз колуна «Кумтөрдүн» кеңсесине, кенге, бир нече кызматкерлеринин үйүнө тинтүү жүргүзгөндө эле алган», — деп айтылат маалыматта.

«Центерра» мындан ары «Кумтөр» кен ишканасын көзөмөлдөбөйт жана мындан ары кызматкерлердин коопсуздугун жана кен казуу иштеринин коопсуздугун камсыздай албайт. Өкмөт шахтаны көзөмөлгө алганга чейин кендеги бардык негизги коопсуздук, көзөмөлдөө жана эксплуатациялоо тутумдары талаптагыдай иштеп жаткан. «Центерра» бул тутумдардын бирин да өчүргөн эмес жана кен эч кандай авариясыз иштеп турган.

15-майда УКМК тарабынан Кумтөрдүн Бишкектеги кеңсесинде тинтүү жүрсө, Ысык-Көлдөгү кенди текшере башташкан. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары 17-майдагы кезексиз отурумунда Кумтөргө байланыштуу чечим кабыл алды. Анда каралган токтомдун долбоорундагы пункттардын бири «Кумтөр» компаниясына тышкы башкаруу киргизүүгө уруксат берүүгө байланыштуу. Жалпы 114 депутат катталган. Алардын ичинен 91 депутат «макул» деп добуш берип, «каршы» чыккандар болгон эмес. Ал эми каттоодон өткөн 23 депутат добуш берүүгө катышкан эмес.