Цирк капиталдык реконструкциялоо өткөрүлгөндөн кийин ноябрда ачылат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында жайгашкан Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинде жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо иштери менен таанышты.

Анда МинКаб төрагасы циркти капиталдык реконструкциялоо долбоорунун алкагында — кызматкерлерге, келген конокторго, цирк жаныбарларына түзүлүп жаткан шарттарды, ошондой эле цирк оюндары көрсөтүлүүчү аренаны, имараттын ичинде жана сыртында жүргүзүлүп жаткан иштерди көрүп чыкты. Оңдоо иштери менен таанышып чыккан Акылбек Жапаров Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, Бишкек шаарынын мэриясына жана куруучуларга оңдоо иштерин өз убагында бүткөрүү, сапаттуу жүргүзүү сыяктуу бир катар тапшырмаларды берилип, өзгөчө цирктин айланасы жеке тараптарга ижарага бербилбеши керектиги эскертилди.

Кыргыз мамлекеттик циркинин капиталдык реконструкциялоодон өткөрүлгөндөн кийинки ачылышы — ушул жылдын ноябрь айында Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата пландалууда.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын июль айында Мамлекеттик циркке күтүүсүз текшерип барып, имараттын абалы, жумушчулардын эмгек шарттары менен таанышкандан кийин, мамлекет башчысынын тапшырмасынын негизинде башталган. Учурда Цирктин жалпы штаттык бирдигинде 180ден ашуун кызматкер эмгектенет.