Цирктин директору Ашированын видеосу боюнча: «Жаз келип, төөлөр түлөп жатат»

Буга чейин каскадёр Асланайым Аширова социалдык тармактагы баракчасында цирктеги жаныбарлардын абалын чагылдырган видео менен бөлүшкөн.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги кызматкердин билдирүүсү боюнча цирктин директору Фархад Бекманбетов менен байланышканыбызда, цирктеги жаныбарларды кароочу атайын адам бар экенин айтты. «Азыр жаз болгондуктан төөлөр түлөп жатат. Негизинен төө эле эмес, бардык жаныбар жазында түлөйт. Аны баары жакшы билет да. Эми Аширова видео тартып алсын, түлөбөй тургулачы деп төөлөргө айта албайм да», — деди ал.