Дөлөн Өмүрзаков атындагы футбол талаасына автоматтык сугаруучу шайман орнотулду

Кыргыз футбол союзу Дөлөн Өмүрзаков атындагы футбол талаасына автоматтык сугаруучу шайман орнотту. Бул алдыда боло турган беттештерге чейин көк шибердин жакшы өсүшүнө өбөлгө түзөт.

Кыргыз Футбол союзунун өкүлү Юрий Ерошенконун айтымында, көк шибердин жакшы өсүүсү менен футболчулардын травма алуусу азаят.

“Мурда сугаруу үчүн 6 сааттан көп убакыт кетсе, азыр бир сааттан ашык гана убакыт талап кылынат. Буга чейин АФКнын өкүлдөрү келгенде матчка чейин жана тыныгуу учурунда да сугарууну суранышчу. Бул нерсе абдан ыңгайсыздыкты жана чоң көйгөйдү жаратар эле”, — деген ал.