«Да пошли они!». Алымкадыр Бейшеналиев дебат учурунда кетип калды

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев алып баруучу Эркин Рыскулбековдун «Эмнеге» берүүсүндөгү медицина тармагында эксперт Бермет Барыктабасова менен болгон дебаттан кетип калды. Анын кетип калганы көрсөтүлгөн видеону алып баруучу жарыялады.

«Сен үйдө отуруп алып, сындагандын ордуна жардам беришиң керек. Сен менен айтышкым келбейт. Кечирип койгула. Мындай сыйлабаган адамдар менен эч качан талашып тартышпайм», — деди министр.

Бермет Барыктабасова ага жооп катары: «Саламатта болуңуз. Мен жардам берем», — деди.

Алымкадыр Бейшеналиев «да пошли они!» деди. Алып баруучунун министрди токтотууга кылган аракетин ал укпай, трибунадан түшүп кетип калган.