Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ТюлпанЛенд компаниясы менен биргеликте жоогазын фестивалын баштады.
Фестиваль 2-марттан 10-мартка чейин уланат. Иш-чаранын алкагында жоогазын гүлдөрү дүң жана чекене баада сатыкка коюлууда. Баалар 75 сомдон жогору болуп, кардарлар гүлдөрдү дүң жана чекене түрдө сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Фестивалдын негизги максаты – ата мекендик гүл өстүрүүчүлөрдү колдоо, ички рынокто жергиликтүү продукциянын үлүшүн арттыруу жана калкты сапаттуу, экологиялык жактан таза гүлдөр менен камсыз кылуу. Иш-чарада жоогазындын ар түрдүү сорттору сунушталып, өндүрүүчүлөр өз продукциясын түздөн-түз керектөөчүлөргө тааныштырып жатышат.
Мындан тышкары, фестиваль гүл чарбачылыгын өнүктүрүү, жаңы сортторду жайылтуу жана бул тармакка инвестиция тартуу багытындагы демилгелерди илгерилетүүгө өбөлгө түзөт. Иш-чаранын жүрүшүндө адистер тарабынан кеңештер берилип, гүл өстүрүү боюнча тажрыйба алмашуу уюштурулууда. Министрлик мындан ары да ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана айыл чарба тармагын диверсификациялоо боюнча иштерди улантат.