«Даараткана тууралуу кечке айтып жатасыз». Депутат Калашниковага нааразы болду

Бүгүн, 4-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси Елена Калашникова Кыргызстанды туура эмес жагынан таанытып жатканына нааразы болду. 

«Сиз даараткана жөнүндө тынымсыз айтып жатасыз. Мындан тышкары, көп нерсе жөнүндө айтса болот. Кыргызстан кандай кооз экенин айтса болот. Бизди “даараткана” өлкөсүндөй эле пиар кылып жатасыңар, түшүнүп жатасыңарбы?» — деди ал. 

Депутат жетекчинин негизги кемчилиги мына ушунда экенин айтты.