«Дааратканага кетти». Жогорку Кеңеште ыңгайсыз учур орун алды

Депутат Айгүл Айдарова Жогорку Кеңеште суроо берейин деп жатканда маданият министри Алтынбек Максутов ордунан туруп, жыйындар залынан чыгып кеткен. Бул көрүнүшкө депутат айым ачууланып, тоотпостук катары кабыл алганын айтты.

Вице-спикер министр жыйындан суранып чыкканын кайра келерин айтып, министрдин орун басарына суроо берип турууну сунуштады. Айдарова ага көнгөн жок. “Муну кандай түшүнсө болот? Өзү айда-жылда бир келет, анда да басып кетет. “Баары бир кабыл аласыңар да” деген ойдо кетип калдыбы”, — деп катуу сүйлөдү.

Вице-спикер министрдин дааратканага чыкканын айтууга мажбур болду. «Ачыгын айтайын, дааратканага суранып чыкты» деди ал.