Дача-СУ кырсыгы. Кубатбек Бороновду комиссиянын курамынан чыгаруу сунушталды

Бишкекте Дача-СУ айылындагы авиакырсыктын себептерин иликтөө боюнча коомдук комиссиянын биринчи отуруму өтүүдө. Анын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов комиссиянын алдында кырсыктын себептерин аныктоо, ошондой эле борттогу жүк кимге таандык экенин аныктоо сыяктуу бир катар милдеттер турганын белгиледи.

Укук коргоочу Эркингүл Убышева комиссиянын курамында кырсык болгон учурда бийликте турган адамдар бар экенин билдирди. Ал Кубатбек Бороновду ошол учурда өзгөчө кырдаалдар министри болуп тургандыктан комиссиянын курамынан чыгарууну сунуштады.

Алмамбет Шыкмаматов окуя болгон жерге ошол кезде Кубатбек Боронов жетектеген ӨКМдин куткаруучулары биринчилерден болуп жетип, иш алып барганын түшүндүрдү. «Телефондорду, кыргыз тилиндеги нускамаларды биринчилерден болуп Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери көрүшкөн. Кубатбек Боронов жалгыз комиссиянын корутундусун өзгөртө албайт жана ага эч кандай таасир эте албайт. Баарын курамдан чыгарсак дагы коомчулук нааразы болот. Курамда ошол учурдагы бийликтин өкүлдөрү болгону жакшы. Биз андан баш тартпоону суранышыбыз керек», — деди ал.

Ал эми Кубатбек Боронов өзү курамдан чыгууга даяр экенин айтты.