Дача-СУ кырсыгы. Парламентте жабырлануучуларга төлөнгөн кенемтенин көлөмү айтылды

Кечээ, 30-ноябрда депутаттар Дача-СУдагы авиакырсыктын себептерин иликтөө боюнча комиссиянын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматовдун маалыматын угушту.

Жарандардан түшкөн өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебинен бөлүнгөн жалпы сумма 102 миллион 152 миң 680 сомду түзөрүн комиссия жетекчиси билдирди. «Ошол учурда эмнегедир кенемтенин көлөмү айтылбай калган. Түрк компаниясы 4,5 миллион доллар өлчөмүндө компенсация төлөгөн. Атайын эсепке юридикалык фирмалар жана жөнөкөй жарандар 102 миллион 152 миң 680 сом которду. Бул акчалар эмнеге кеткенин баарын санап отуруунун кажети жок, бирок мен айткым келет, алар үйлөрдү калыбына келтирүүгө, каза болгондордун жана жарадар болгондордун үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөп берүүгө кеткен. Кимдир-бирөө маркумдардын урматына эстелик тургузгусу келип, ушул максатта жер алган. Бул үчүн да төлөш керек болгон. Болжол менен жабырлануучуларга компенсациянын суммасы 150-200 миң долларды түзгөн. Болжол менен авиакырсыктан үйү жабыркагандарга 30 миң доллар төлөнгөн”, — деди Алмамбет Шыкмаматов.