Дагы 162 адамга коронавирус жукту. Оорудан каза болгон учур катталган жок

Бүгүн, 2-апрелде Кыргызстанда дагы 162 адамдан COVID-19 тастыкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Алар:

— Бишкек шаарында 112;

— Чүй облусунда 39;

— Ысык-Көлдө 7;

— Ош шаарында 1;

— Ош облусунда 1;

— Баткенде 1;

— Жалал-Абадда 1.

Акыркы суткада илдеттен каза болгондор катталган жок. Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 88 миң 700 адам COVID-19 диагнозу менен катталса, 1500 бейтап каза болду.