«Дагы 2 көчө бир тараптуу болот». Бишкектеги кайсы көчөлөр бир тараптуу болду?

Бишкек мэриясы шаардагы бир тараптуу кыймыл схемасына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө. 13-январдан тартып Орозбеков жана Раззаков көчөлөрү бир тараптуу болот. Учурда тиешелүү жол белгилери орнотулууда.

Төмөнкү көчөлөр бир тараптуу болот:
— Гоголь көчөсүндөгү жол тилкеси Жумабек көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин (түндүктөн түштүккө);
— Сүйүмбаев көчөсү Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу көчөсүнө чейин (түштүктөн түндүккө);
— Турусбеков көчөсү Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө);
— Үмөталиев көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки жол тилкеси (түндүктөн түштүккө);

13-январдан баштап бир тараптуу болот:
— Раззаков көчөсүндөгү жолдун Киев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө);
— Орозбеков көчөсүндөгү Москва көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки жол тилкеси (түштүктөн түндүккө).

Дагы 2 көчөнүн тилкелеринде бир тараптуу кыймыл уюштурулат:
— Акиев көчөсүндөгү Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки жол тилкеси (түштүктөн түндүккө);
— Тыныстанов көчөсүндөгү жолдун Фрунзе көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө).

Эки тараптуу кыймыл уюштурулат:
— Кулатов көчөсүнүн Панфилов көчөсүнөн Логвиненко көчөсүнө чейинки бөлүгү;
— Бөкөнбаев көчөсүнүн Эркиндик проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү.