Бишкектеги «Ала-Арча» бейитинде Абдыкадыр Орозбеков, Абдыкерим Сыдыковдун сөөктөрү жашырылган деген жер эми изилдене турган болду. Бул тууралуу тарыхчы Кыяс Молдокасымов жазды.
«Ушул жылдын жай айынан бери «Ала-Арча» бейитине 2-3 курдай барып, ал жердеги сталиндик репрессиянын курмандыктары түн ичинде жашыруун көмүлгөн деген жерди тактап, ал жерге казуу иштерин жүргүзүп, изилдеш керек деген маселени көтөрүп келгенбиз. Бирок ал аракетибиз ишке ашпай келген. 12-декабрда аталган өтө олуттуу маселени мамлекет башчысы Садыр Нургожоевич менен жолугушууда өзүнө айтууга мүмкүнчүлүк болуп, жеткирдик.
Буюрса, президент тийиштүү мекеме жетекчилерине тапшырма бермей болду. Эми көптөн бери күткөн ишибиз алдыга жылып, Кара Кыргыз автономиялуу облусун негиздөөнүн башында турган журт аталары Абдыкерим Сыдыков менен Абдыкадыр Орозбековдун сөөктөрү да табылып, дагы бир «Ата-Бейит» буюрса тактала турган болуп калды», — деп жазды ал.