«Дагы бир байке бар болчу». Нарында бычакталган келинге жардам берген кызматкер сыйланды

Нарын шаарынын Он-Арча базарында болуп өткөн окуяда адам өмүрүн сактап калган милиция кызматкерине Нарын облусунун жетекчилиги тарабынан сыйлык тапшырылды.

Бүгүн, 3-сентябрда президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов жаш болсо да күтүүсүз окуяда кесиптик чеберчилигин көрсөтүп, кызматтык милдетин аткарып, адам өмүрүн сактап калган милиция кызматкери, Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Жеңиш Мукамбетовду кабыл алып, ыраазычылыгын билдирди. Эрдик көрсөткөн милиция кызматкерине Ыраазычылык катын жана 10 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыгын ыйгарды.

31-август күнү Нарын шаарынын Он-Арча базарынын ашканасында күйөөсү аялына бычак менен кол салып, денесинин көп бөлүгүнө жаракат келтирген факты катталган. Жеңиш Мукамбетовдун айтымында, окуя учурунда ал башка жумуштар менен Он-Арча базарынын биринчи кабатында жүргөн. Ызы-чуу чыгып жатканын угуп, экинчи кабатка көтөрүлүп, бычак жеп жаткан аялды күйөөсүнүн зомбулугунан куткарып, өмүрүн сактап калган. “Ошол учурда дагы бир байке жардам берген, бирок аны таппай жатабыз”, — дейт ал.

Учурда жабырлануучу 1983-жылы туулган жаран Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын хирургия бөлүмүндө дарыланууда. Абалы туруктуу. Күйөөсү окуя болгон жерде дароо кармалып, камакка алынган.