Дагы бир тепкиге кабылган балаты! Кезек Кант шаарына жетти

Кант шаарындагы балаты да коомдо талкуу жаратып жатат. Дегенибиз, балатынын алдындагы 2022 деген жазуунун 202 деген эле сандары калган. Маалыматтарга караганда, балаты бир апта мурда белгисиз адамдар тарабынан «кол салууга» дуушар болуп, тагыраагы гирляндаларынын бир бөлүгү уурдалып, тосмо сындырылып, ага илинген сандардын бири талкаланган. Мэрия тарабынан кайра калыбына келтирилди.


Буга чейин Кочкор-Атадагы балатынын жасалма газондон жасалганы, ал эми Өзгөндөгү балатынын жарым-жартылай кооздолгону талкууга түшкөн эле.