«Дагы эки альпинист байланышка чыкпай калган». Туристтик компания Жеңиш чокусундагы трагедия боюнча маалымат берди

“Ак-Сай Трэвел” туристтик компаниясы Жеңиш чокусунда калып калган орусиялык альпинист Наталья Наговицына боюнча комментарий берди.

«Борбордук Азияда Орусия, Италия, Германия жана Ирандын альпинисттеринин катышуусунда трагедиялуу окуялар катталды. Кыргызстандан жана чет өлкөдөн келген күчтөрдүн катышуусунда болуп көрбөгөндөй куткаруу операциясы дээрлик эки жумага созулду»,- деп айтылат маалыматта.

Окуянын хронологиясы:

Учурдагы абал:

Наталья Наговицына 7200 метр бийиктикте жатат. Анын абалы тууралуу маалымат жок. Эвакуация аба ырайы турукташып, кесипкөй даярдыктан өткөн команда жана тик учак менен камсыз болгондо гана мүмкүн болот. Ак-Сай Трэвел компаниясы Натальянын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты. 

● Каза болгон Лука Синигальянын жансыз денеси 6900 метр бийиктикте жатат. Эгер туугандары чечим чыгарса, анын жансыз денесин эмдиги жылы гана түшүрүүгө мүмкүн болот.

● Ирандык альпинисттер Pilehvari Maryam Abolhassan Mashhadiaghalou менен
Hassan Seifollah 10-августтан бери байланышка чыгыша элек. Издөө учууларына жана куткаруу аракеттерине карабастан, алар табылган эмес. Ак-Сай туристтик компаниясы Иран элине жана дайынсыз жоголгон альпинисттердин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты. Аба ырайы турукташып, кесипкөй даярдыктан өткөн куткаруу тобу жана тик учак менен колдоо болсо, издөө иштери кийинки жылы улантылышы мүмкүн. 

Роман Мокринский менен Гюнтер Зигмунд Караколго жеткирилген. Аларга медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Ми-8 тик учагынын куткаруучусу да дарыгердин көзөмөлүндө.

● 16-августта Хан-Теңири чокусунда каза болгон Орусиянын жараны Алексей Ермаковдун жансыз денеси Караколдогу өлүккканага жеткирилген.

«Жеңиш чокусу дүйнөдөгү эң катаал чокулардын бири. Кар көчкү, температуранын кескин өзгөрүшү куткаруу операциясын өтө кооптуу кылат. Маалыматтарга караганда, 1955-жылдан бери бул тоодо 7000 метр бийиктиктен эч ким куткарыла элек», — деп айтылат маалыматта.