Дагы эки жарандын уу-коргошунга ууланганы айтылды

Уу-коргошунга ууланган дагы эки бейтап Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун токсикология бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу ЖМКлар жазып чыгышты.

Алардын абалы канааттандырарлык экени, уу-коргошунду үй шартында жасап ичишкени, алардын биринин онкологиялык оорусу бар экенидиги айтылды.

Бул маалыматты тастыктоо үчүн айтылган оорукананын башкы дарыгери Алмазбек Кубатбеков менен байланышканыбызда бардык маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен алышыбызды өтүндү. Министрликке кайрылганыбызда, маалымат такталып жатканын билдиришти.

Буга чейин да 63 жаштагы эркек кишинин уу-коргошунга ууланганы айтылган. Бул боюнча да министрлик үн ката элек.