«Дагы эле ириңдеп, сыздатып ооруп жатат». Бетине операция жасаткан келин «милиция ишимди карабай жатат» дейт

Мындан туура 1 ай мурда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине 33 жаштагы Асел Корчуева аттуу жаран кайрылып, Бишкектеги косметологиялык клиниканын кызматынан жапа чеккенин айткан. Окуя боюнча Ленин РИИБден маалымат беришип, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталганын билдиришкен.

«Менин ишим каралбай жатат. Тергөөчү убакытты создуктуруп, эмнегедир ал мен арызданган адамды эле жактай берет. Тергөөчүгө чалсам албайт, алса да, экспертизаны күтүп жатканын айтат. Экспертиза мени да чакыра элек. Бизде мыйзам иштебейт экен. Тиги кыз дагы эле операция жасап жүрөт. Мен сыздатып ооруп, ириңдеп жатканынан хирургга бардым. Ал тигилген жипти жумшартып, ириңди кетириш керек, болбосо кулакка доо кетет дейт. Ал эми беттеги тактарды эч ким кетире албайт экен. Мен милициядан акыйкаттык таппай башкы прокурорго кайрылганы жатам», — дейт келин.

Бул иш боюнча Ленин РИИБ тергөө амалдары дагы деле жүрүп жатканын билдиришти.