Дагы эмне менен алектенсе болот? Жогорку Кеңеште массаж жасаган Токтайым Үмөталиева (видео)

Бүгүн, 21-июлда Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйыны өттү. 

Депутаттар Баткен облусуна статус берүү жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда карап жатканда, жыйында отурган Токтайым Үмөталиева жанында отурган аялга массаж жасады. 

Талкуу учурунда комитет мүчөлөрү Тажикстан менен чек аранын кайсы бөлүгү делимитациялангандыгы, эмне үчүн чыр-чатак болгон учурдан тартып үч айдын ичинде жабыркагандарга үйлөр курулбай жаткандыгына кызыгышты.

Эске салсак, 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынына катышкан аял кишинин курут жеп, оозун боёгону тартылган видео социалдык тармакка тарап, кызуу талкууга түшкөн эле.