Кадамжайдагы окуучу кыздын өлүмү баарыбыздын жүрөктү оорутту. Бул тууралуу соцтармак колдонуучулары жазып чыгышты.
«Качанкыга чейин кыз-келиндерге зордук-зомбулук улана берет? Дагы канча кыз өлүшү керек? Кыргызстан чын эле кыздар үчүн кооптуу өлкө болуп калдыбы?» — деп суроо салат алар.
Алар коомчулукту кайдыгер болбоого, зомбулукка каршы турууга чакырды. «Келиңиздер, биргеликте каршы туралы, талап кылалы, үн кошолу, кайдыгер болбойлу! Бардык кайдыгер эмес жарандарды Нарын шаарында өтүүчү «Мен коопсуз өлкөдө жашагым келет» аттуу тынчтык митингге чакырабыз! Митинг кыз-келиндерге карата зордук-зомбулукка каршы турууга, жогорудагы окуянын тыкыр иликтенишине, коопсуз өлкөдө жашагысы келген кыздарга арналат! Жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, президент Садыр Жапаровго, башкы прокурор Курманкул Зулушевге, Акыйкатчы Атыр Абдрахматовага кайрылуу жолдонот», — деп айтылат маалыматта.