«Дагы келесиз дешти». Мадумаров сурактан чыкты

«Дагы келесиз дешти. Күбө катары суракка чакырылдым». Бул тууралуу бүгүн, 14-январда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгында сурак берип чыккан соң журналисттерге билдирди.

Суракка эмне үчүн чакырылганын түшүндүрбөгөн саясатчы төмөндөгүдөй комментарий берди: «Мен бул жакка сыйдан улам гана келдим. Эртең менен эшигимди ачсам, 10дой адам турат. Алардын арасында Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери бар болчу. Кийин мени Башкы прокуратурага алып келишти. Иликтөө туура эмес жүрүп жатат. Бул иш бир гана мага тиешелүү эмес, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын башка мүчөлөрүнө да тиешеси бар. Орозайым Нарматованы тынбай чакырып жатышат. Мисалы, кечээ сессия саат 23:00дө бүттү. Ошол саатта анын кабинетинин алдында эки киши күтүп турган. Алар адам саясатка жакында келсе, аны коркутуп алса болот деп ойлоп жатышса керек».

Буга чейин Жогорку Кеңештин «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан депутат Орозайым Нарматованын УКМКга бүгүн саат 16:00дө суракка чакырылганы маалым болгон.