Дагы төрт адам кайра шайлоого катышуу ниетин билдирди

БШКга Свердлов жана Биринчи Май шайлоо округдары боюнча көрсөтүлгөн бир мандаттуу талапкерлерден дагы төрт арыз түштү.

Свердлов шайлоо округуна Жаныбек Асанбековдон, ошондой эле Шадыкан Жакыпбековдон Биринчи Май районуна талапкер болуу ниети тууралуу арыз түшкөнү такталган.

Арыз Нурбек Токтакуновдон да түшкөн. Ал кайрадан Биринчи Май районуна талапкерлигин коюп жатат. Назгүл Жолдошова Свердлов шайлоо округунан аттануу нитетин билдирди.

Буга чейин Гуля Алмамбетова (Свердлов району) менен Эльвира Сурабалдиева (Биринчи Май) шайлоо өнөктүгүнө катышуу тууралуу билдирүүлөрдү тапшырышкан. Жогорку Кеңештин эки депутатын кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралында өтөт.