«Дайыма ачка, кир». Каскадёр Асланайым Аширова цирктеги жаныбарлардын абалын көрсөттү

Каскадёр Асланайым Аширова социалдык тармактагы баракчасында цирктеги жаныбарлардын абалын чагылдырган видео менен бөлүштү.

«Жаныбарлар каралбай калган, дайыма ачка, кир, жуулбаган, кээде таштандыдан тамак таап жешет. Ички короодо дайыма кароосуз жүрүшөт. Алар өтүп бара жаткан кызматкер же артистке кол салышы мүмкүн»,- деп жазды ал.