Дайыма күлүп тамак жасаган түркиялык ашпозчу Бурак Өздемир Кыргызстандагы сүрөттөрү менен бөлүштү

Дайыма күлүп тамак жасаган түркиялык ашпозчу Бурак Өздемир Кыргызстанга келген. Ал социалдык тармактагы баракчасына Кыргызстанда тартылган сүрөттөр менен бөлүштү.

«Кыргызстан, сага рахмат»,- деп жазды ал.

Буга чейин анын кайрымдуулук фондунун чакыруусу менен 18-19-март күндөрү Кыргызстанга биринчи жолу келери маалым болгон. Ал кайрымдуулук фонд жыл сайын уюштурган “Рамазан чатыры” коомдук-кайрымдуулук долбооруна катышууга чакырылган.